Сокулукта 10 жашар кызды зордуктаган кишинин фотороботу түзүлдү

Дата: 12:24, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Сокулукта 10 жашар кызды зордуктаган кишинин фотороботу түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй ОИИБинин кызматкерлери базардагы көзөмөл камераларынан алынган маалыматтар жана жабырлануучунун өзүнүн айтымы боюнча шектүүнүн фотороботун түзүштү.

Шектүүнүн фотороботто өзгөчө белгилери төмөнкүчө тартылган: Азиат тегиндеги жашы 30-40тын ортосундагы эркек киши. Арык чырай, кара-тору, бою болжол менен 165-170 сантиметр. Чачы кара, кээ бир үстүңкү тиштери жок. Үстүндө кызыл футболка, кара спорттук шым, бутунда кочкул жашыл бут кийим кийген.

Эске салсак, 10-июль күнү Сокулук айылындагы базарда 10 жашар кыз зордукталган.

Поделиться новостью: