Шейшембиде Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт

Дата: 08:07, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ –Шейшемби Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт - деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +30+35°С, Таласта +29+34°С, Баткен облусунда +32+37°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +33+38°С, Нарын облусунда +20+25°С, Иссык-Көл облусунда +22+27°С.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүзү +32+34°C.

Ошто да  күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +35+37°C.

Поделиться новостью: