Шейшембиде Кыргызстанда мезгил-мезгили менен күн жаайт

Дата: 06:13, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Шейшемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт  - деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +23+28°С, Таласта +23+28°С, Баткен облусунда +21+26°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +20+26°С, Нарын облусунда +19+24°С, Иссык-Көл облусунда +16+21°С.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +24+26°C.

Ошто да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүзү +20+22°C.

Поделиться новостью: