Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт

Дата: 14:11, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Кыргызстанда 2019-жылдын 20-февралынан 22-февралына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка караганда, 20-февраль, күндүзү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар 21-22-февралдарда күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-февралда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

2019-жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин  жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдары, Ош-Сары-Таш-Иркештам 165-173-чакырымдары (Талдык ашуусу), 174-179- чакырымдары (Катынарт ашуусу), 218-224-чакырымдары (Тоң-Мурун ашуусу), Сары-Таш–Кара-Мык авто унаа жолунун 98-123-135-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунан 43-44- чакырымдары (Ийри-Суу участкасы) 67-90 чакырымдары (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү жана кар  күрткүсү күтүлөт , жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


Поделиться новостью: