Шаршемби Кыргызстандын бир катар райондорунда жамгыр жаайт
Бишкек. 19 - март. КирТАГ – Шаршемби өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас облусунда +14…+19,
Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18 градус.
Бишкек шаарында абанын температурасы + 16…+18°, ал эми Ош шаарында +13…+18 градус жылуу.