Шаарда окуучулардын саны 25%га өстү

Дата: 14:08, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь КирТАГ – Кыргызстандын шаарларында окуучулар 25%га өстү, мектептерге жүк дагы эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Билим жана илим министрлиги билдирди.

Учурда республика боюнча 1 млн. 223 миң баланы камтыган 2 262 мектеп иштеп жатат.

446 мектеп бир түшкө чейин, 1 657 мектеп кечке чейин окутууда.

Акыркы жылдарда, окуучулардын стабилдүү өсүүсү байкалган.

Мурдагы жылга салыштырмалуу 4,0 %, 2012-жылга караганда 18%га окуучулар көбөйг өн. Шаарларда 25%, айылда 14%га өскөн.

Билим министрлиги Чүй облусу жана Бишкек шаарында ички миграциянына айынан окуучуларга мектепке батпай жатканын белгилейт.




Поделиться новостью: