Сегиз жылдын ичинде 268 Кытай жараны Кыргызстандын жарандыгын алган, алардын 50% этникалык кыргыздар

Дата: 09:57, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын жарандыгын алган Кытай жарандары тууралуу расмий маалымат таратты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык 2018-жылы Кыргыз Республикасына 35 215 (2017-жылы 41 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) Кытай жараны чыгып кеткен.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 Кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.

Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.

Мындан тышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан).

2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз.

Поделиться новостью: