Сапара Исаков 5-декабрга чейин камакта калды

Дата: 11:17, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттук отурумда белгилүү болду.

Белгилей кетсек, буга чейин сот биринчи инстанцияда тергөөчүнүн Сапар Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канаатандырган эле.

Эске салсак, экс-премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын абагында 5-июндан бери кармалып келатат. Ал Бишкек ТЭЦти модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакка алынган. Аталган кылмыш иштин алкагында мурунку эки өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаковдор кармалган.


Поделиться новостью: