Салиева көчөсү ремонт үчүн жабылгандыктан, коомдук транспорттордун багыты өзгөрдү

Дата: 15:12, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Бишкектеги Салиева көчөсү ремонт үчүн жабылгандыктан, маршуруттардын багыты өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, №162 маршрутка эки тарапка тең Көлбаев, Ауэзов көчөсү аркылуу жүрүп, андан ары өзүнүн багыты боюнча каттай баштайт.

Ал эми №131, 251 маршруткалар Калинин, Мичурин, Сельская (Ауэзов көчөсүнүн уландысы) көчөлөрү менен жүрүп, андан ары өз багытына түшөт.

№ 172 маршрутка Көлбаев, Калинин, Шабдан баатыр менен жүрүп, андан ары өз багыты менен жүрөт.

Быйыл Бишкек шаарында бир катар көчөлөр оңдолуп жатат. Буга чейин Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, коомдук транспорттун каттамы өзгөргөн болчу.

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.




Поделиться новостью: