Россияда Кыргызстандын эки жараны полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн камакка алынды

Дата: 08:38, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Кырыгзстандын эки жараны Калужский облусунда бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1997 жылы туулган Д.Б, жана 1996 жылы туулган М.улуу Б аттуу жарандары Россиянын Калужский облусунда документтерин текшерген полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн.

Жыйынтыгында бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү беренеси кармалып, экөө тең камакка алынган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Элчилик кырдаалды көзөмөлгө алууда.




Поделиться новостью: