Россия Казакстан жана Кыргызстандан барган 280 тоннадан ашык айыл чарба продукциясын артка кайтарды

Дата: 09:17, 19-12-2018.

Бишкек. 19 - декабрь. КирТАГ – Россия Казакстан жана Кыргызстандан барган 280 тоннадан ашык айыл чарба продукциясын артка кайтарды. Бул  тууралуу Россельхознадзордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Оренбург облусундагы орус-казак чегарасында 5-декабрдан 17-декабрга чейин Кыргызстан жана Казакстандан барган 280 тоннадан ашык айыл чарба продукциялары кармалып, фитосанитардык талапка жооп бербегендиктен артка кайтарылган.

Башкармалык Өзбекстандан барган 105 тоннадан ашык кургатылган кара өрүк, жүзүм жана өрүк, анар жана башка мөмө жемиштердин фитосанитардык документи жок экенин билдирген.


«Фитасанитардык сертификаты жок жалпы 34,7 тоннага жеткен лимон, пекин капустасы, миндаль, кургатылган мөмө жемиштер жана шиповник кармалды», - деп кошумчалаган Россельхознадзор.

Башкармалык карантин талаптарына жооп бербеген товарлар өлкөгө киргизилбейтургандыгын, ташып келгендерге болсо айып салынатурганын билдирген.

Россельхознадзордун маалыматына караганда, Оренбург облусунда 2018-жылдын башынан бери 8862 тоннадан ашык продукция кайтарылган.



Поделиться новостью: