Renault Magnum үлгүсүндөгү унаа мыйзамсыз алынып келинген
Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Мамлекеттик чегара кызматы Renault Magnum үлгүсүндөгү унаанын мыйзамсыз алынып келингенин аныктады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бажы төлөмдүн жалпы суммасы 1 млн 249 миң 884,54 сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча кылмыш ишин козголду.
Ошондой эле Ош шаарынын бажычылары 6 миң 960 даана. Контрабандалык «Colgate» жана «Max Fresh» тиш пасталарын кармаган.
Кармалган товардын жалпы баасы 800 миң 400 сомду түзгөн.