Профсоюз: Жаңы кодексте жумуш берүүчүнүн жоопкерчилиги каралган эмес

Дата: 15:14, 15-02-2019.

Бишкек. 15 - февраль. КирТАГ – Жаңы кодексте жумуш берүүчүнүн жоопкерчилиги каралган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын профсоюздар федерациясы президентке парламенттин спикерине жана өкмөт башчыга жолдогон кайрылуусунда билдирген.

«Кыргызстандын профсоюздар федерациясы жаңы Кодексте жумуш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын бузган учурдагы жоопкерчилиги каралган эмес», - деп айтылат маалыматта.
Маселен белгиленген квотага карабай жумуш берүүчүнүн негизсиз ишке албай коюуусу, негизсиз жумуштан бошотуу, убагында айлыктарын берүү, мекемеде техникалык коопсуздукту камсыздоо сыяктуу милдеттери жаңы кодексте белгиленген эмес.

Жаңы кылмыш кодексинде, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды төлөө гана каралган.

«Кыргызстандын профсоюздар федерациясы мындай жаңыланууларга каршылыгын билдирет. Жумушчулардын эмгек укуктары сакталып, социалдык экономикалык жактан кепилдиктер болушу зарыл. Жаңы кодекс иштелип жатканда профсоюздар уюмунан бир да өкүл чакырылган эмес.», - деп белгиленет  профсоюздар федерациясынын маалыматында.

Буга байланыштуу профсоюздар депутаттар аркылуу жумушчулардын укугун мыйзамдуу коргоого аракеттенүүдө.



Поделиться новостью: