Президент Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушат

Дата: 12:11, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Поделиться новостью: