Президент Жээнбеков «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Дата: 14:07, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы кабыл алды. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз тарап кыргыз-япон достук мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биздин япон досторубуз Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдошот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Биз жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана автомобиль жолдорунун сактыгын камсыз кылуу боюнча долбоорлордо активдүү кызматташууга даярбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын Кыргызстанда аткарган жумушу жөнүндө маалымдады.

Ал кыргызстандык инженерлерди жумушка алган жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу тармагында аларды окутуу жана адистигин жогорулатуу менен алектенген компаниянын ачылышы жөнүндө айтып берди.

Шигето Танака кыргызстандык инженерлердин кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, алардын потенциалын, билим деңгээлин жогору баалай турганын билдирди.

Келечекте компания Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы сервистик тейлөө менен алектене турган кыргызстандык инженерлердин санын 300 адамга чейин жеткирүүнү пландоодо.

«Биздин Кыргызстандагы сервистик компаниябыз дүйнөлүк деңгээлге чыгат деген чоң үмүтүм бар. Корпорациябыздын Кыргызстанда филиалынын ачылышы абдан туура кадам жана жардам болду», — деп белгиледи Шигето Танака.


Поделиться новостью: