Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Дата: 08:22, 24-01-2020.

Бишкек. 24- январь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

Поделиться новостью: