Президент Жээнбеков чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту

Дата: 16:13, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстандан чегинен тышкары жактарда иштеген мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлик жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы менен маектешүү учурунда жолугушуунун катышуучулары алардын демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдиришти, региондордун, бүт өлкөнүн экономикасына инвестиция алып келүү боюнча пландары тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун катышуучусу Өмүрбек Үмөталиев мекендештер миграцияны азайтууга жана региондорду өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Россиядагы жеке ишкер Толкунбай Акматов ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттарды медициналык жактан камсыздандыруу жана пенсия төлөмдөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков эмгек мигранттары Кыргызстанда ачып жаткан ишканаларга салык төлөмдөрү жана фискалдык текшерүүлөр боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчүн айтты.

Россияда «Өлүмдөн сактап калганы үчүн» медалы менен сыйланган мекендешибиз Марат Исаев миграциялык каттоо боюнча маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Россиядагы жеке ишкер Бакыт Абдыкадыров жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонууну киргизүү жана тигүүчүлүк бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Мен фонддорду, коомдук бирикмелерди уюштуруп, өз айылы, кичи мекенине жардам берген биздин мигранттарга абдан ыраазымын. Акырындап эмгек мигранттары Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлоруна айланып баратышат. Алар өз эмгеги менен өлкөнүн экономикасына салым кошууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков миграцияны азайтуу үчүн региондорду өнүктүрүп, кайра иштетүү ишканаларын ачып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи.

Ал мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду, Кепилдик фонду региондордогу ишкерлер менен тыгыз иштешип, аларга жеңилдетилген насыяларды берип жатышканын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып, айтылган маселелер боюнча өкмөт жана парламент тиешелүү жумуштарды аткарып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков мигранттарга «Манас» эпосу китебин белекке берди.




Поделиться новостью: