Президент Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Дата: 13:03, 07-04-2020.

Бишкек.7-апрель. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын президенти Сооробай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаал жана экономикалык кесепеттер биргелешкен аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.

Абу-Дабинин мураскор Ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян кыргыз тарапка аталган илдет менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал эмират тараптын Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоого кызыкдар экенин белгиледи.



Поделиться новостью: