Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

Дата: 13:35, 22-08-2019.

Бишкек. 22 - август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван  жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реклонструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мамлекет башчысы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү регионалдык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ал дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо айыл чарбасын жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн ачкычтарынын бири, дыйкан эмгегинин негизи экенин баса белгиледи.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен бул маселени чечүүнү тездетүү сунушталды.

Поделиться новостью: