Президент Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду

Дата: 11:44, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду.

Чечимдин долбоору 2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Долбоор  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштары жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.

Азыркы мезгилде санариптик технологиялардын өнүгүүсү жана алардын экономиканын өсүшүнө, мамлекеттик башкарууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, бизнес жүргүзүүнүн ыкмаларына жана адамдардын жашоо мүнөзүнө тийгизген таасири байкалууда.

Кыргыз Республикасынын алдында динамикалуу прогрессти  камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Тездетилген өнүгүү үчүн ыкчам чара көрүү жана ресурстарды топтоштуруу мезгилдин талабы болуп саналат.

Коомдук мамилелердин бардык чөйрөлөрү алдынкы маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен заманбап мамилелерди жана усулдарды киргизүүнү талап кылат.

Санариптик трансформация мезгилинде экономиканын өсүшүн камсыз кылуу үчүн биздин коомду санарипке өткөрүүдөн мүмкүн болгон максималдуу пайданы алууга негиз түзүү зарыл.

Жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү санариптик трансформация коомчулукта ачык коммуникациялар маданиятын, билимдерди алмашууну түзүүнү жана биргелешкен чыгармачылыкты жайылтууну талап кылат. Калктын бардык катмарынын арасында, өзгөчө айыл жергесинде жаңы технологияларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу билим берүүчүлүк жана агартуучулук ишти баштоо зарыл.

Кызматташтык жөнүндө чечимдерди кабыл алууда потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-өнөктөштөр маалыматтардын жалпы таанылган жана абройлуу булактарына таянышат.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун версиясы боюнча глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк рейтингинде Кыргыз Республикасы 2017-2018-жылдары дүйнөнүн 137 өлкөсүнүн ичинен 102-орунду ээлейт (индекс 3.9 болгон).

Бизнес жүргүзүү үчүн өтө көйгөйлүү факторлор катары төмөнкүлөр белгиленген: коррупция, өкмөттүн туруктуу эместиги, каржылоонун жеткиликтүүлүгү, салыктык жөнгө салуу, натыйжасыз өкмөттүк бюрократия.

Бириккен Улуттар Уюмунун электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз Республикасы 2018-жылы 91-орунду ээлеген (дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн ичинен, индекс 0,5835 болгон). Жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде Кыргыз Республикасы 75-орунду ээлейт.

Санариптик кызмат көрсөтүү жана маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсү негизги көйгөйлүү участкалар бойдон калууда.

Инновациялар индекси боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде INSEAD Эл аралык бизнес-мектебинин версиясы боюнча Кыргыз Республикасы 2017-жылы 95-орунду ээлеген (дүйнөнүн 127 өлкөсүнүн ичинен, индекс 28,01 болгон).

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде Электр байланыш эл аралык бирлигинин версиясы боюнча Кыргыз Республикасы 2017-жылы 109-орунду (дүйнөнүн 176 өлкөсүнүн ичинен) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунду ээлеген.

Компьютери бар (21,40%; КМШ боюнча орточо — 67,40%) Интернет түйүнүн жеке колдонуучуларынын (34,50%; КМШ боюнча орточо — 65,10%) жана үй чарбаларынын жетишсиз саны, ошондой эле Интернет түйүнүнө үй чарбаларынын жеткиликтүүлүгү (18,76%; КМШ боюнча орточо — 68,00%) негизги көйгөйлүү багыттар болуп саналат.

Катталган кеңири тилкелүү абоненттердин саны боюнча (100 жашоочунун эсебинде — 4,08; КМШ боюнча орточо — 15,80) төмөн көрсөткүч да көйгөйлүү болуп эсептелет.

Өлкөнүн ири шаарларынын жашоочулары Интернет түйүнүнө салыштырмалуу кымбат эмес жана сапаттуу кошула алганына карабастан, өлкөнүн айылдагы жана өтө алыстагы региондорунун жашоочуларынын заманбап телекоммуникациялык инфраструктураларга жана кызмат көрсөтүүлөргө иш жүзүндө кошула албагандыгынын, бул кошулуунун наркы, анын ичинде компьютерлердин жана смартфондордун наркы жогору болгондугунун айынан бул мүмкүнчүлүктөн ажыраган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын алдында максималдуу кыска мөөнөттөрдө экономиканын динамикалуу өнүгүүсүнө бөгөт болгон жогоруда аталган тоскоолдуктарды жоюу маселеси турат. Аны чечүү үчүн санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүү талап кылынат.

Инновациялык ыкмаларды колдонууга, алдынкы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен бардык процесстерди автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкаруудагы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн убакыт келип жетти.

Мамлекетти санариптик трансформациялоону тездетүү жана санариптик экономикага өтүүгө институционалдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү жетиштүү болгон

Чечимдин  толук текстти президенттин сайтына жарыяланды.

Поделиться новостью: