Премьер Жумгал районунун маданий объектилеринин абалы менен таанышты

Дата: 15:36, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 24-майда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылынын Таттыбүбү Турсунбаеванын атындагы “Соң-Көл” маданият үйүнүн абалы менен таанышты.

Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кинотеатрдын баштапкы капиталдык ремонтуна жумшала турчу чыгашалар сметасын түзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары Өкмөт башчы Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы драмалык театрдан кабар алды.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыл Сапаров маалымдагандай, театр 1930-жылы негизделген. Ал жерде кыргыздын белгилүү маданият чеберлери Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Мырсаалы Турсунбаев, Шарапат Жапарова, Сайра Өмүрканова, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгулов эмгектенишкен.

Премьер-министр драмалык театрдын капиталдык ремонтунун долбоорун баштоого буйрук берип, толук кандуу театралдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бардык шарттар каралышы керектигин белгиледи.

Поделиться новостью: