Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Аравиянын королу менен жолугушту

Дата: 10:00, 25-03-2019.

Бишкек. 25 - март. КирТАГ –   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Аравиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Өкмөт башчы королго «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдоду.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы маселелерин талкуулашты. Премьер-министр айрыкча белгилегендей, Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү жана анын тышкы саясатында өзгөчө орду бар.

«Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келишип, эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Аравиядан келген туристтердин санынын жыл сайын өсүүсү кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев эки жактуу өз ара аракеттешүүнүн маанилүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо экендигин айтты. Анын айтымында, өлкөлөр экономикалык кызматташтык потенциалын толук кандуу пайдаланбай келишет.

Өз кезегинде Сауд Аравия королу белгилегендей, өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди мындай ары карай өнүктүрүү маанилүү болуп саналат. Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даярдык билдирди.

Мындан тышкары король эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттешүүнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, келечектүү кызматташуунун зор маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд соода-экономикалык чөйрөдөгү алакаларды өнүктүрүү артыкчылыгын колдоп, жооптуу мамлекеттик органдарга өз ара кызыкчылыктар маселелерин илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

«Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул маселе боюнча тыгыз кызматташууга тийиш. Инвестициялык кызматташууну бекемдөө үчүн мен тиешелүү тапшырмаларды берем. Мусулман коомчулугунда болуп жаткан маселелерди биз ар дайым колдоого тийишпиз. Биз боордош өлкөлөрдөн болуп саналабыз», - деп баса белгиледи Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд.

Ал ошондой эле «Camel Fest» эл аралык этнофестивалын ийгиликтүү өткөрүүдөгү кыргыз тараптын зор салымын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен өз ара аракеттерди мындан ары карай тереңдетүүгө өз ара даярдык билдиришти.

Поделиться новостью: