Премьер-министр Абылгазиев Нарындагы ирригация объекттеринин абалы менен таанышты

Дата: 14:31, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы суткалык жөнгө салуу ачык бассейиндин ачылышына катышты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев сугат суу булагы Башкууганды суусу экендигин маалымдады.

«Курулуш объектисинин баасы 113,8 млн сомду түзөт. Курулуштун аякташы жана суткалык куюу бассейнин ишке берүү жаңы 239 га сугат жерин иштетүүнү шарттап, 1041 гектар жер аянтын суу менен камсыз кылууну жогорулатат», - деп билдирди Кокумбек Таштаналиев.

Премьер-министр Жумгал районунун жашоочуларын ирригациялык объекттин иштеп башташы менен куттуктады.

«Суткалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу 1989-жылы башталган, 1991-жылы мында бардык иштер токтотулган. Суу – өмүр булагы! Биз бүгүн райондун 3,5 миңден ашуун жашоочусун сугат суу менен камсыздаган ирригациялык объектти ишке берип жатканыбызга кубанычтамын. Аталган бассейндин курулушу 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык жүргүзүлгөн. Ал 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кезинде кабыл алынган жана 58,8 млрд сом суммасына 44 ирригациялык объекттин курулушун камтыйт. Бул 66 миң гектар жаңы жерди иштетүүнү шарттайт. Мындан тышкары 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат», - деди Өкмөт башчы жана 2023-жылы программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилерин кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле белгилегендей, республика боюнча мектептердин, бала бакчалардын жана башка социалдык объекттердин курулушу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат.

«Суу – биздин байлыгыбыз. Жарандарга таза ичүүчү жана сугат суу жеткиликтүү болушу үчүн биз көп иштерди жасашыбыз керек. Биз азыр Түндүк-Түштүк унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен тааныштык, мен бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу аяктоо тапшырмаларын бердим. Аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз. Бирок, белгилей кетсем, бул маселе биз үчүн артыкчылыктуу», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүндөгү «Токтомуш» Суу колдонуучулар ассоциациясынын ирригациялык инфратүзүмүн реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Сугат тутуму Орто-Кууганды, Жумгал дарыяларынан жана Карасуу суусунан алынат. Ички чарбалык жер каналдары сууну Орто-Кууганды, Жумгал жана Карасуу сууларынан алышат.

Жалпысынан «Токтомуш» Суу колдонуучулар ассоциациясына жалпы узундугу 49 км ички каналдар кирет.

Бул объекттеги реабилитациялык иштер 2020-жылы аяктайт. Реабилитациялык иштердин жалпы суммасы 27, 4 млн сомду түзөт.

Поделиться новостью: