Премьер-министр Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышат
Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына (Түркия Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына (Түркия Республикасы) учуп кетти », - деп айтылат маалыматта
Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.