Премьер-министр Абылгазиев Ички иштер министрине Бурулай Турдалиеванын атасы менен жеке жолугушууну тапшырды

Дата: 15:18, 16-07-2018.

Бишкек. 16 - июль. КирТАГ -  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жеке жолугушуп, анын жүйөөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди

Өкмөт башчы белгилегендей, анын жеке көзөмөлүндө турган 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши аягына чейин чыгарылат, кыздын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы эркек менен бирге бардык күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыйкат жазаланат.

Эскерте кетсек, Бурулай Турдалиева 2018-жылдын 27-майында Бишкек шаарындагы үйүнө жакын жерден никеге мажбурлоо максатында ала качылган.

Поделиться новостью: