Премьер-министр Абылгазиев Грузиянын Юстиция үйүнүн ишмердиги менен таанышты

Дата: 17:48, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгеси Саммитине катышуу алкагында Тбилиси шаарында Грузия Республикасынын Юстиция үйүнүн ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Грузиянын Юстиция Үйүнүн директору Гиви Азаурашвили билдиргендей, бул органдын ишмердигинин башкы өзгөчөлүгү – бир катар мамлекеттик кызматтарды бир имараттын чегинде концентрациялоодо турат. Өкмөт башчы мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталынын, мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердиги, ошондой эле чет элдик жарандарды каттоо процесси менен таанышты.

Гиви Азаурашвили баса белгилегендей, өлкөнүн бардык ири шаарларында филиалдары бар Юстиция үйүнүн иши бюрократияны кыйла кыскартууну, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын ыкчамдыгын жана сапатын арттырууну шарттады.

Өлкө жарандары мында архивдик кызматтар, жалпы жана жарандык реестр тейлөөлөрү сыяктуу, Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин кызматтарынын бөлүктөрүн жана башка кеминде 400 мамлекеттик кызматты колдоно алышат.

Ошондой эле Грузиянын Юстиция үйүнүн директору маалымдагандай, өлкө жарандары унаада жүрүп мамлекеттик кызматтарды колдоно ала турган «Justdrive» кызматы жеткиликтүү.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири – мамлекеттик кызматкерлер менен өлкө жарандардын ортосундагы байланышты жоюу үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү санариптештирүү жана автоматташтыруу процесси болуп саналат.

Бул анын айтымында, коррупциялык тобокелдиктерди кыйла кыскартууну жана калк үчүн тигил же бул кызматтарды колдонууда ыңгайлуулукту жогорулатууну шарттайт.

Премьер-министр ошондой эле кошумчалагандай, өлкөнүн Калкты тейлөө борборлору сунуштаган мамлекеттик кызматтардын санын көбөйтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчы жарандар үчүн убакытты кыйла үнөмдөө максатында бир имараттын чегинде ар түрдүү маалымкаттарды жана уруксат кагаздарын алуу боюнча зарыл болгон шарттарды түзүүнүн өзгөчө маанисин ырастады. Премьер-министр белгилегендей, кыргыз тарап бул багыттагы грузин тажрыйбасын адаптациялоону дыкат иликтеп чыгат.

Поделиться новостью: