Премьер-министр Абылгазиев «Ачык Өкмөт»саммитине катышуу үчүн Грузияга келди

Дата: 16:07, 16-07-2018.

Бишкек. 16 – июль. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тбилиси шаарына (Грузия Республикасы) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тбилиси эл аралык аэропортунда Ардактуу караул тизилип, Өкмөт башчыны Грузия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Шарвашидзе тосуп алды.
Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери кирген.

Поделиться новостью: