Премьер базарлардагы жана коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды

Дата: 08:27, 19-09-2018.

Бишкек. 19 сентябрь. КирТАГ -Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталууда.

Анын айтымында, «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» рыногундагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта белгилүү суроолорду жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилери Өкмөт башчыга өрт фактылары боюнча тийиштүү иликтөөлөрдүн жана экспертизалардын жүрүшү боюнча маалымат беришти, анын натыйжасында айрым жабыркаган объектилердин ээлери өрткө каршы коопсуздук талаптарын эске албагандыгы аныкталууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, компетенттүү мамлекеттик органдар бардык өрт фактылары боюнча өрттүн чыгуу себептерин кеңири изилдөө менен деталдуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

Өкмөт башчы өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жумалык мөөнөттө тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.

Ошону менен бирге Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча соода жана тейлөө объектилеринин ээлери арасында келечекте тобокелдиктерди азайтуу үчүн тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл.


Поделиться новостью: