Парламенттин кезектеги VII сессиясы ачылды

Дата: 10:16, 02-09-2019.

Бишкек. 2 - сентябрь. КирТАГ – Бүгүн, 2 сентябрда, парламенттин кезектеги VII сессиясы ачылды.

Сессиянын ачылышында мамлекеттик гимн жаңырып, спикер Дастан Жумабеков кесиптештерин жаңы иш жылы менен куттуктады.

Эске салсак, алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 27-июнда VI сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышмак. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышкан.

Поделиться новостью: