Парламентте COVID-19 менен күрөшүү үчүн мамлекеттик резервдик фонд түзүү сунушталды

Дата: 16:19, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ - Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "COVID-19дун жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" Жогорку Кенештин токтомунун долбоорун карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров аталган токтом долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түшкөн бир катар сунуштар камтылганын белгиледи.

Эскерте кетсек, депутаттар бир жылдык мөөнөткө кичи жана орто бизнес ишмердүүлүгүн текшерүүгө мораторий киргизүүнү, каатчылык маалында банк системасын коргоо боюнча программа иштеп чыгууну, айрым маанилүү делген товарларды жана медициналык дары-дармек каражаттарын чыгарып кетүүгө тыюу салууну, COVID-19 менен күрөшүү үчүн мамлекеттик резервдик фонд түзүүнү жана башка сунуштарды киргизишти.

Поделиться новостью: