Парламент Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореянын элчилигине сунушталган талапкерлерди карайт

Дата: 17:30, 10-01-2019.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ – Жогорку Кеңеш Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореянын элчилигине сунушталган талапкерлерди карайт. Бул тууралуу КирТАГга парламенттен кабарлады.

Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга азыркы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети элчилердин талапкерлигин 15-январдагы жыйында карайт.

Поделиться новостью: