Парижде Кыргызстан менен Юнесконун кызматташу багыттары талкууланды

Дата: 13:07, 22-11-2019.

2019-жылдын 21-ноябрында Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле айым менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР делегациясынын ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясына катышуусунун жыйынтыктарын, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бардык спектри боюнча Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты; ишмердүүлүк багыттары: маданий мурасты сактоо, билим берүүнү, маданияттар ортосундагы диалогду, курчап турган чөйрөнү коргоону өнүктүрүү жана Борбордук Азиядагы суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу.
Башкы директор Кыргыз Республикасын ЮНЕСКОнун жетектөөчү органына шайлануусу менен куттуктады жана Уюмдун Аткаруучу кеңешинин ишинде ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде, Ч.Айдарбеков, климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнө жана экосистеманын, бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасынын бүтүндүгү үчүн анын катастрофалык кесепеттерине байланышкан маселелерди чечүү - Аткаруучу кеңештин мүчөсү катары Кыргыз Республикасы үчүн башкы приоритеттердин бири болуп каларын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандагы ЮНЕСКО тоо чокусуна чыгуу үчүн экспедиция уюштуруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле ЮНЕСКОнун патронатынын астында башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Маалымат үчүн: Бийиктиги 5063 м. ЮНЕСКО тоо чокусу Борбордук Тянь-Шандагы Сары-Жаз тоо кыркасында жайгашкан, ал азыркы учурда 2006-жылы ЮНЕСКОнун урматына аталган дүйнөдөгү жападан жалгыз тоо болуп саналат.

Ч.Айдарбеков ЮНЕСКОнун Кыргызстанга көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, көп жылдык үзүрлүү кызматташтыкты позитивдүү баалады жана Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы өз ара аракеттенүү мындан ары да бекемделе берет деген ишеничин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле КР Маданият, маалымат, туризм министри А.Жаманкулов катышты.


Поделиться новостью: