Оштогу Папан суу сактагычына чөккөн кишинин сөөгү табылды
Бишкек. 16 - августь. КирТАГ – Альбина Метерова. Ош облусунун Кара-Суу району Папан суу сактагычына 14-августта чөгүп кеткен 38 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары эки күн издеп бүгүн саат 09:20да сөөктү тапкан.
Эске салсак, Ош облусу Кара-Суу районунда 14-августтан 1980-жылы туулган жаран чөгүп кеткени кабарланган. Бирок издөө иштери жыйынтык берген эмес.