Оштогу чек арачылар курал жашырылган жерди табышты
Дата: 17:14, 19-07-2019.
Бишкек. 19 - июль. КирТАГ – Оштогу чек ара отрядынын кызматкерлери кечээ, 18-июлда Шор-Көл аймагынан ок атуучу курал катылган жерди табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, чек арачылар тарабынан аталган аймактан «ТОЗ 8» үлгүсүндөгү 3 даана курал жана 49 даана ок табылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин куралдар жана октор ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.