Ошто 2 жашар ымыркай ур-токмоктон каза болду

Дата: 17:53, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Ош шаарында атасынын жеңеси тарабынан сабалган эки жашар наристе каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБгы маалымдады

Маалыматка караганда, 10-январь күнү саат 15.00дөр чамасында Ош облустук балдар ооруканасына эки жашар наристени туугандары алып келип (атасынын агасы), тарамышы тырышып калганын айтышкан. Дарыгерлер наристени кароо учурунда ал ооруканага келгенге чейин эле чарчап калганы белгилүү болгон. Мындан улам дарыгерлер милицияга кабарлашкан.

Ош ШИИБдин атайын ыкчам иликтөө тобу наристеге зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деген шек менен, соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

Милициянын маалыматына караганда, наристенин бети-башында, колдорунда жана сандарында көгала тактар, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экени аныкталган.

Шектүү катары наристенин атасынын бир тууган агасынын 30 жаштагы жубайы кармалды. Ал
убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Шектүү көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип койгону үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктады", — деп айтылат маалыматта.

Наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, бала атасынын колунда калган. Кийин ал Россияга иштегени кетип, чүрпөсүн 30-декабрда агасынын үйүнө таштаган.

Учурда факты боюнча кылмыш иши козголду.






Поделиться новостью: