Ошко жаңы мэр шайланды

Дата: 11:32, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Таалайбек Сарыбашев Ош шаарына мэр болуп шайланды. Бул тууралуу КирТАГга Ош шаардык кеңешинен билдирди.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Сарыбашевди мэрликке шайлады.

Сарыбашевдин талапкерлигин 45 депутаттын 44тү колдоп добуш берген.

Эске салсак, Таалайбек Сарыбашев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Айтмамат Кадырбаев мэрликтен Тоо кен, өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары кызматына которулган. Бош орунга Таалайбек Сарыбашев талапкерлигин койгон.


Поделиться новостью: