Ошко аткезчилик жол менен күйүүчү май киргизүүгө аракет жасашкан

Дата: 10:24, 19-07-2019.

Бишкек. 19 – июль.  КирТАГ –  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарына аткезчилик жол менен АИ- 80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды.

Финполициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акциздик топко кирген азыктардын мыйзамсыз айлануусун аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарына кире беришинде эки күйүүчү май ташуучу унаа токтотулган. Документтер боюнча алар 77 миң 720 литр нефрас ташып келе жаткандыгы көрсөтүлсө, чындыгында анын ичинде АИ-80 бензини болгон.

Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 675 миң 483 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Поделиться новостью: