Ош шаарында калкты тейлөө борбору ачылды

Дата: 14:41, 19-07-2019.

Бишкек. 19 – июль.  КирТАГ –  Ош шаарынын “Манас Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында калкты тейлөө борбору ачылды. Анын ачылышына Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, шаар мэри Т. Сарыбашов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматынын төрагасы А. Мамбетов, ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Төрага шаардыктарды калкты тейлөө борборунун ачылышы менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, бүгүнкү ачылып жаткан борбор элибизге кызмат көрсөтүүдө алгылыктуу иштерди аткара беришине тилектеш экендигин билдирди.

Поделиться новостью: