Орусия президенти В. Путиндин Кыргызстанга сапары алдында кыргызстандык мигранттарга «миграциялык амнистия» жарыяланды

Дата: 09:54, 22-03-2019.

Бишкек. 22 март. КирТАГ –  Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапарынын алдында кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында болгон жетишкендиктерди ишке ашыруу максатында Орусия тарап кыргыз жарандары үчүн “миграциялык амнистия” жарыялады.


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин сайтында маалымдалгандай, “миграциялык амнистия” убагында РФда миграциялык мыйзамды бузуу менен жүргөн Кыргызстандын баардык жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин административдик жоопкерчиликке тартуусуз Россиядан чыгып, кайра кирүүгө укук берилет.

Бул маалымат 2019-жылдын 21-март күнү РФ ИИМнин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси В.Казакованын кыргыз делегациясы менен болгон жолугуусунда кабарланган.

КРнын Россиядагы элчилиги ал жакта миграциялык мыйзамды бузуу менен жүргөн кыргыз жарандарын аталган “миграциялык амнистия” менен колдонуп калууга чакырат. Толук маалымат алуу үчүн элчиликтин төмөнкү номерине кайрылууга болот: (+ 7 925 103 29 11).

Поделиться новостью: