Нурсултан Назарбаев улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан – Кыргызстан президенти

Дата: 06:18, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент С.Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.

Ал Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи.

Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалады.

Поделиться новостью: