Нарында айылдык кеңештин төрагасы 15 миң сом пара менен кармалды

Дата: 09:27, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Нарында айылдык кеңештин төрагасы 15 миңсом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«2018-жыл 17-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ата-Башы районундагы айылдык кеңештердин биринин төрагасы 1968 – жылы туулган Б.А. аттуу жаран 15 миң сом пара менен кармалды.», - деп маалымдайт УКМК.

Кармалган жаран аймактык электр компаниясынын жумушчусунан абоненттер тарабынан акча талап кылынгандыгын айтып коркутуп, аны ачкка чыгарбоо үчүн 20 000 сом акча талап кылган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Нарын шаарынын СИЗОсуна камалды.
Тергөө жүрүп жатат.


Поделиться новостью: