Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага иш козголуп, үй камагына чыгарылды

Дата: 11:31, 22-08-2019.

Бишкек. 22 - август. КирТАГ - Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча иш козголуп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.

Маалыматка караганда, Индира Жолдубаевага кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыкканына байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Учурда Батукаевдин иши боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев да кармалып, КМКнын Тергөө абагында отурат.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен.

Поделиться новостью: