Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти менен жолугушту

Дата: 10:29, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Саммитине катышуунун алкагында Тбилиси шаарында Грузия Республикасынын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Грузиянын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдоду. Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, кыргыз тарап кыргыз-грузин эки жактуу мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул күндөрү бир катар жемиштүү, анын ичинде Грузиянын Премьер-министри Мамука Бахтадзе жолугушуулар, ошондой эле ведомстволор аралык деңгээлдеги консультацияларды өткөрүлүп, өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен таанышуу жүрдү.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарап Грузиянын мамлекеттик органдардын натыйжалуу ишин түзүү боюнча тажрыйбасын дыкат иликтөөгө кызыкдар.

Грузиянын Президенти Георгий Маргелашвили грузин тарап Кыргыз Республикасынын ачык жана натыйжалуу башкарууну куруу боюнча талкууга катышуусун жактай тургандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Ал белгилегендей, жакын арада Анкара шаарында болуп өткөн Түркия Республикасынын Президентинин инаугурациясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий эмес жолугушуу жемиштүү өткөн.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөлөрдүн аймактык кызматташтык алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун улантылышын толугу менен колдоого алат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын Президентин үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды.


Поделиться новостью: