Москвада жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду
Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Москвада жол кырсыганан үч кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, кырсык Москванын түштүк-чыгышында саат 04:42 чамасында Ташкент көчөсүндө болгон. Таксинин салонунда үч киши каза тапкан. Алардын баары кыргыз жарандары экендиги такталды.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, тездик менен бараткан унаа жарык орнотулган бетонду сүзгөн. Рулда 1998 –жылы туулган жигит болгон.
.Учурда авариянын себептери иликтенүүдө.