Молдовада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өттү

Дата: 11:35, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Молдовадагы президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири дагы — социалист Игорь Додон менен либерл Майя Санду — добуштардын жарымынан көбүн ала алышкан жок. Эки жумадан кийин, 13-ноябрда, шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Бул соңку 20 жылдан берки алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо болду. Буга чейин өлкө башчысы депутаттар тарабынан тандалып келген. Быйылкы шайлоодо өлкөнүн Европа биримдиги менен интеграция болушун колдогондор жана Орусия менен байланышты бекемдөөнү жактагандар ортосунда болууда.

Социалисттер партиясынын төрагасы, 41 жаштагы экономист Игор Додон молдова саясатынын учурдагы европалык багытын өзгөртүү ниети тууралуу билдирген.

Додондун негизги атаандашы - мурдагы билим министри, "Аракет жана тилектештик" партиясынын лидери Майя Санду Европа биримдигине мүчө болуу үчүн реформаларды жүзөгө ашырууну жактап келет.

Өлкө башчысы болушу ыктымал болгон үчүнчү адам ишкер Влад Плахотнюк эсептелет. Сынчылар анын молдова саясатына таасири өтө күчтүү экенин айтып келишет. 2010-2013-жылдары Плахотнюк Молдова парламентинин төрагасынын орун басары болгон.

Поделиться новостью: