Милиция кызматкерлери үчүн Бишкекте дагы үч үй курулат

Дата: 13:52, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Милиция кызматкерлери үчүн Бишкекте дагы үч үй курулат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти дүйшөмбү күнү милиция кызматкерлерине үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып билдирди.

«2011-жылы милиционерлер үчүн үй куруу тууралуу Зарылбек Рысалиев (КР ИИМ мурдагы министри) менен сүйлөшкөнүбүздө, бул идея жомоктой сезилген. Өлкө эртең бүлүнүшү мүмкүн болуп турганда биз милиционерлер үчүн турак жай курууну кыялдандык. Мына эми жокмок ишке ашты. Мындан ары да үй куруу улантылат, милиция кызматкерлери үчүн дагы үч чоң үй курулмакчы», - деди А. Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 270 милиция кызматкери батир алышты, алардын 27си – бир бөлмөлүү, 108 – эки бөлмөлүү жана 72 – үч бөлмөлүү. Ошондой эле президент ИИМ министри Кашкар Джунушалиевге балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сом тапшырды.

Поделиться новостью: