Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, маршуруттар багытын өзгөрттү

Дата: 13:27, 16-07-2018.

Бишкек. 16 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Манас проспектисинин бир бөлүгү ремонт үчүн жабылып, маршруттук таксилер багытын өзгөрттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштери Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жүрөт. № 102, 104, 118, 132, 148, 167,170, 188, 200, 203, 204, 216, 223, 236, 262, 265, 266, 269 маршруттары Турусбекова, Бөкөнбаева жана Манас проспекти багыты менен жүрөтандан ары мурунку жолуна түшөт.

Бул маршруттардын түштүк багыты Манас проспектиси Бөкөнбаева, Исановага чейин жүрүп, андан ары мурунку линиясы менен каттайт.

№ 215 жана 264  маршруттары Үметалиев, Бөкөнбаев, Манас проспектинин түштүк багыты, экинчи линиясы болсо Бөкөнбаев, Исанов, Киев көчөлөрү менен каттап, андан ары мурунку багытына түшөт.











Поделиться новостью: