«Манас» эл аралык аэропорту тогуз айда 2,6 млн жүргүнчүнү тейледи

Дата: 15:32, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ – «Манас» эл аралык аэропорту акыркы тогуз айда 2 млн 667 миң 862 кишини тейледи. Ички каттамда 907 миң 798 жана эл аралык каттамда болсо 1 млн 760 миң 64 кишини тейлөөгө жетишти.

Аба майдан орто эсеп менен 9,8 миң, 2016-жылы 8,3 миң жүргүнчү ташыган.

Белгиленген убакытта аэропорт 23 миң 667 рейске кызмат кылган. Алардын 15 миң  630 рейси эл аралык, 8 миң  37 рейс болсо ички каттамдар болуп саналат.

Аталган аэропорттун Бишкектеги филиалы 15 миң 579 рейске кызмат кылган. Оштогу филиалында 7 миң 654 рейс жана Ысык-Көлдөгү бөлүмүндө 280 рейс учкан.




Поделиться новостью: