Манас» аэропортунун текшерүү системасы иштебей калып, рейстер кармалды

Дата: 09:28, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. «Манас» аэропортунун текшерүү системасы иштебей калып, жүргүнчүлөр эки саат ашык кармалып калды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн, саат 4.20дө «Манас» аэропортунун көзөмөл-текшерүү пункутундагы учуу-конууну көзөмөлдөгөн система иштебей калгандыктан бир убакта төрт рейс кармалып калды. Системаны иши саат 5.30дө жөнгө салынды», - деп маалымдайт басма сөз кызмат

Аэропорт ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.





Поделиться новостью: