"Манас" аэропортунда коюу тумандан улам рейстер кармалууда
Дата: 12:58, 23-01-2020.
Бишкек. 23-январь. КирТАГ - "Манас" аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 13:00 учатурган эки Москва-Бишкек-Москва жана Ташкент-Бишкек-Ташкент рейстери, ошондой эле Ош-Бишкек каттамы кармалып турат.
Аэропорт ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт